Ысык-Көл районунда мөндүр жаады

Түнкү саат экилер чамасында Ысык-Көл районунун Ананьево, Семеновка, Садыр-Аке айыл аймактарында каттуу мөндүр жаады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Азыр мөндүрдүн кесепетин райондук жарандык коргоо комиссиясы тактап жатат. (KKs)