Садыркуловдун өлүмү боюнча сот дагы жылды

Бүгүн Бишкекте президентик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жараяны уланып, күбөлөр толук келбегенине байланыштуу соттук иш 3-августка жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын биринин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. 27-июлдагы соңку соттук териштирүү да ишти караган сот Марлен Тентимишевдин ден-соолугуна байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда.

2009-жылы мартта Садыркулов баштаган үч адамдын күйгөн сөөктөрү менен алар түшкөн машине Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган. (KKs)