Таш-Көмүр - Кербен жолун сел бузуп кетти

Мындан улам бул багыттагы автоунаалар айланма жол менен
жүрүүдө. Жолдун 20-22-чакырымындагы көпүрөлөр менен кошулган жерин сел 23-июлда жууп кеткен. Жолду оңдоо жана Кызыл-Жар сайынын жээгин бекемдөөдө он бир техника иштеп, жүз метрдей жээктин үчтөн эки бөлүгү
калыбына келтирилгенин Чукул кырдаал министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов 30-июлда билдирди. (YA)