Маңзат ташыган жолдордун бири жок кылынды

Кыргызстан жана Орусиянын Маңзатты көзөмөлдөө кызматтарынын аракетинин натыйжасында 24-июлда Орусиянын Челябинск шаарында маңзатты мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топтун 12 мүчөсү аныкталып, Тажикстандын эки жараны кармалды. Кыргызстандын Маңзатты көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, кармалгандар 3 килограммга жакын героин, 8 килограммдан ашуун гашишти мыйзамсыз ташып бараткан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, маңзат Кыргызстан аркылуу Орусиянын Свердлов, Челябинск облустарына жана Екатеринбург шаарына ташылып бараткан. (КЕ)