Кечке маал Лондондо олимпиада оюндары ачылат

Олимпиаданын расмий ачылышы уникалдуу маданий программа менен коштолуп, үч саатка чейин созулат. Ага стадиондо 80 миңге чукул киши күбө болот. Ошондой эле ачылыш аземди сыналгыдан миллиард киши көрөт деп болжолдонууда.

Үч жума аралыгында 204 өлкөдөн келген 10 миң спортчу миң олимпиада медалы үчүн таймашат. Британиянын ханышасы Елизавета Экинчи жана ханзаада Филип Букингем сарайында мамлекет башчыларын кабыл алат. Ал эми Гайд-паркта олимпиаданын урматына концерт өтөт.