Биринчи сорттогу ундун эң арзанын 1200 сомдон сатып алып жатышканын Бишкектеги наавайчылар бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Ушундай эле сапаттагы ун мурдарак 750 сомдон сатылган. Ал эми нандын баасы акыркы күндөрү 1-2 сомго кымбаттаган. Акыркы он күндө дан азыктарына баа өскөнү республиканын бардык аймактарында байкалууда. Ошондой эле бүгүн сүттүн литри 2-3 сомго кымбаттаганын соодагерлер айтышты.
Ундун баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ун импортуна киргизилген бажы алымын жоюу өтүнүчүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жолдогон. (КЕ)
Ундун баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ун импортуна киргизилген бажы алымын жоюу өтүнүчүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жолдогон. (КЕ)