Москвада оппозиция Болотнаяда кармалгандарды бошотууну талап кылды

Москвада кечээ оппозициянын жүздөгөн тарапкери чогулуп, май айында Болотная аянтында кармалгандарды бошотууну талап кылышты. Владимир Путин 3-президенттик мөөнөткө киришип жаткан күндү утурлай өткөрүлгөн нааразылык акциясына байланыштуу кеминде 14 активистке иш козголгон, алардын 12си абакта кармалууда.

Оппозиция лидерлеринин бири Сергей Удальцов андай камоолордон кийин бийлик менен эч кандай мунаса мүмкүн эместигин билдирди. Полициянын маалыматына ылайык, кечээ Новопушкинский паркына 500дөй киши келген. Ал эми оппозициянын вебсайттары 3 миң киши чогулганын жазышууда.