Хишама Кандила Египеттин өкмөт башчысы болуп дайындалды

Президент Мохаммед Мурси бүгүн суу ресурстары министри Хишама Кандиланы премьер-министрлик кызматка бекитти. Мурдагы министрлер кабинети 25-июнда отставкага кеткен. Жаңы премьер Кандиланын биринчи милдети - министрлик кабинетин түзүү. Кандила президент Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” исламчыл уюмуна эч кандай тиешеси жок.