Кумтөрдө уулангандардын саны 142ге жетти

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаковдун «Азаттыкка» билдиришинче, алардын ичинен 78 адам ооруканаларга кайрылган жана көпчүлүгүнүн абалы орто. Азыркы тапта Азык-түлүк, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Кумтөрдөгү санитардык абалды, ашкана кызматкерлерин текшерип жатат. Ашканада иштеген бардык 29 кызматкерден анализ алынды. Анын жыйынтыгы 23-июлда белгилүү болот.

Эгерде санитардык абал эрежеге ылайык эмес деген жыйынытык чыкса, маалыматтардын баары облустук прокуратурага жиберилет. (AKu)