Апта-маанай (15-21-июль)

Сирияда жанкечтинин жардыруусунан коргоо министри Дауд Ражиха, анын орун басары – президент Башар Асаддын күйөө баласы Асеф Шавкат, ички иштер министри Ибрагим ал-Шаар жана Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы Хасан Туркомани өлтүрүлдү.

Ленин райондук соту спортчу Айсулуу Тыныбековага Лондон олимпиадасына барууга уруксат берди.

Өзбекстан тарап 18-июлдан бери өз жарандарын өткөрүп, Кыргызстанга кыргыз жарандарын гана чыгарууда.

Кыргызстанда биринчи жолу адамдын дене мүчөсүн алмаштыруу боюнча уникалдуу операция жасалды.

Кыргыз өкмөтү 17-июлдагы жыйынында мамлекеттик типографиянын долбоорун коомчулукка сунуштады. Муну менен өкмөт мамлекеттик типография куруп, ал жерден кыргыз паспортторун жана башка мамлекеттик маанидеги документерди чыгарууну максат кылууда.

17-июлда Уламалар кеңешинин жыйынында көпчүлүк добуш менен Рахматулла Эгембердиев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланды.

16-июлда президент Алмазбек Атамбаев олимпиадачыларды кабыл алып, кыргыз туусун балбан Данияр Көбөновго тапшырды.

19-июлда Татарстандын баш калаасы Казан шаарында муфтий Илдус Фаизди өз автоунаасында жардырып кетишти. Анын орун басары Валиулла Якупов да ушул эле күнү үйүнөн чыгып бараткан жеринде белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапты.

16-июлда муфтий Чубак ажы Жалилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.