Жогорку Сотко судьяларды тандоо уланууда

Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын билдиргенине караганда, сотторду тандоонун экинчи айлампасы 25-июлда башталат жана ал аңгемелешүү түрүндө жүрөт. Бул жарышка биринчи айлампадан өткөн 72 судья катышат.

17-июль күнү жыйынтыкталган тандоонун экинчи айлампасына 92 талапкер катышып, алардын документтери, сыйлыктары, билими каралды. Ар бир талапкерге атайын критерийлер боюнча балл берилди.

Соттордун тандоонунун акыркы, үчүнчү айлампасында Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Соттун судьяларын добуш берүү аркылуу тандашат. Сынак 35 судьянын ордуна жүрүп жатат. (AKu)