Ысык-Көл: бруцеллез оорусуна кабылгандар азаюуда

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Жаңыл Акунова билдирди. Акунованын айтымында, былтыр алты айда 323 оорулуу катталса, быйылкы жылы 6 айда бул дарт 110 кишиден табылды. “Малды эмдөө иштери өз убагында жүргөндүктө оорулар азайды”, - дейт Акунова. (MK)