Кыргызстанда эртең Орозо башталат

Бул тууралуу муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгембердиев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Эртең таңкы саат 3.35 ооз бекитилип, кечки саат 8.40та ачылат.

Кыргызстанда 19-августта Орозо айт белгиленет. Битир-садаганын өлчөмү быйыл жан башына 25 сом деп белгиленди. (EBM)