ИИМ: Нурлан Сулайманов тергөөгө келбей жатат

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, мурунку транспорт министри, азыр “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нурлан Сулайманов тергөөгө келип көрсөтмө бербей жатат. Анын айтымында, Сулайманов учурда Кыргызстандын аймагында жок.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 17-июлда өкмөттүн жыйында Сулайманов коррупцияга аралашкан деген шек менен иликтөө жүрүп жатканын билдирген болчу.

Рысалиев ошондой эле мурунку башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев эки жыл мурун апрелде бийлик алмашканда Ак үйдөн 3 миллион доллар чыгарып кеткен деген парламенттеги билдирүүгө ылайык, да иликтөө башталганын, бул иштер жакын арада Башкы прокуратурагы жиберилгенин маалымдаган.

“Азаттык” Сулайманов, Сатыбалдиев менен байланышып, комментарий алууга аракет жасап жатат. (EBM)