Ички иштер министрлиги коомдук уюмдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге 10-14-июль күндөрү өлкөнүн бардык аймагында кароосуз калган балдарды аныктап каттоо боюнча рейд өткөрдү. Анда багар-көрөрү жок, көчөдө кайыр сурап жан багып жүргөн 109 бала катталды. Селсаяк өспүрүмдөр балдар үйлөрүнө, реабилитациялоо борборлоруна жиберилди.
Кыргызстанда соңку учурларда ата-энеси бар туруп кароосуз калган социалдык жетимдер көбөйүүдө. (EBM)
Кыргызстанда соңку учурларда ата-энеси бар туруп кароосуз калган социалдык жетимдер көбөйүүдө. (EBM)