ИИМ: видео камералар боюнча тендерге 11 компания арыз берди

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол унаа жолуна видео камераларды орнотуу боюнча тендерге катышуу үчүн 11 компания арыз берди.

Кыргызстанда ИИМди реформалоо Жол коопсуздугун күзөтүү башкармалыгынан башталганы жатат.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өткөн аптанын этегинде өкмөттүн жыйында ушул жылдын аягына чейин Бишкекте көчөлөрдө видео камералар орнотулуп, көчөлөрдө күзөткөн бир дагы МАИчи болбошу керектигин айткан. Келерки жылы мындай камералар Ош шаарында жана республикалык мааниси бар унаа жолдордо орнотулушу зарылдыгын эскерткен.

Өкмөт ИИМди реформалоо боюнча концепцияны 1-сентябрга чейин талкуулап, парламентке жөнөткөнү жатат. (EBM)