Жаш ишкерлерди колдоого алынат

Кыргызстандагы Борбор Азия университети, "Ага Хан" фонду жана "Кока-Кола" компаниясы жаш ишкерлер үчүн конкурс жарыялады.

Конкурстун уюштуруучуларынын бири, Борбор Азия университетинин өкүлү Нурбек Машараповдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 16-июлдан тарта 16 жаштан 30 жашка чейинки жаш ишкерлердин социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлору кабыл алынат.

Мунун ичинен 4-августта 25 ишкердин долбоору тандалып алынып, алар 17 күн бою Бишкекте окуудан өтүшөт. Окуу жыйынтыкталган соң атайын адистер 10 мыкты долбоорго 3 миң доллардан акчалай жардам көрсөтүшөт. (BkA)