Бишкек: кутуларда өстүрүлгөн көчө гүлдөрү уурдалууда

Бишкек шаардык мэриясы соңку эки түндөн бери борбордук көчөлөрдө кутуларда өстүрүлгөн гүлдөр уурдала баштаганын маалымдады. Ага ылайык, Радищев көчөсүнөн Горький көчөсүнүн боюна коюлган кутулардан 350дөй петуньяны жулуп кетишкен. Мунун айынан 13 миң сомдон ашык чыгым келген. Буга байланыштуу шаардык милицияга окуяны иликтеп, коомдук коопсуздукту жана шаар менчигин коргоону күчөтүү тапшырылды.

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө былтыртадан баштап атайын кутуларга салынган петунья гүлдөрү пайда болду. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, быйыл 750 миң гүл отургузулду. (EBM)