Өлкөдө ылаңдаган мал тууралуу маалыматтар ар башка

“Быйыл малдын шарп ылаңы республиканын 1800дөн ашуун айыл-кыштагында болгон, бирок өкмөттүк маалыматтарда ал 38 жерде болгону айтылып келатат”. Бул тууралуу 14-июлда мал ылаңына байланыштуу Жалал-Абадда өткөн семинарда Бишкектеги “Малдын ден соолугу” коомдук уюмунун төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Ветеринария департаментинин башчысы Жумабек Аскаров облустун Аксы жана Ноокен райондорунда шарп ылаңы катталбагандыгын, жыл башында Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунан шарп менен 45 баш бодо мал ооруганын билдирди.

Жергиликтүү тургундар мал оорунун айынан Орусия менен Казакстан Кыргызстандан мал сатып алууга тыюу салгандыктан базарларда бодо мал былтыркыдан кыйла арзандап, зор чыгымдарга туш болгондуктарын айтышууда. (YA)