Апта-маанай (7-14-июль)

Сириянын Хама провинциясынын Тремси кыштагындагы 200дөн ашуун адам өкмөттүк күчтөрдүн колунан өлгөнү кабарланды.

Кыргызстанда өздөрүн демилгелүү топ атаган адамдар атаандаш муфтият түзүү демилгеси менен чыкты.

14-июлда Тажикстандын Мургаб районунда ат чабыш фестивалы башталды.

13-июлда Талды-Булак сол жээк кениндеги кытайлык инвесторлор иштетүүгө киришип жаткан “Алтын кен” ишканасына нааразы болуп келген Орловка айыл элинен комиссия түзүлдү.

Ата-Журт” партиясынын кезексиз курултайында анын лидерлеринин ортосунда саясий карама-каршылык ажырымга жетип калганы байкалды.

Президент Владимир Путин Орусия менен Кыргызстандын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын электр станциялар каскадынын курулуштарын долбоорлоо жандана баштаганын билдирди.

Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы мыйзам долбоорлор топтомун Жогорку Кеңешке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды. Долбоорлорго ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин телефондук сүйлөшүүлөрү тыңшалат, ашыкча кирешеси боюнча маалымат берүүгө милдеттендирилет.

Лондон олимпиадасына жолдомо алган 14 спортчудан Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов улуттук команданын капитаны болуп тандалды.

БУУнун Aдам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй Бишкекке иш сапары менен келди.

Британиялык атактуу “Роллинг стоунс” (The Rolling Stones) рок тобу 50 жылдык мааракесин белгилөөдө.