Орусия: Мамдума коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алды

Мамлекеттик Дума Орусияда сырттан каржыланып, өлкөдө саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарды “чет элдик” агенттердин макамына теңеп, мыйзамды кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун 2-окулушунда президент Владимир Путиндин сунуштары камтылган.

Орусиялык бир катар коомдук ишмерлер президент менен премьер-министрге кат жолдоп, талаштуу мыйзам долбоорун күзгө чейин коомчулуктун талкуусуна салууга чакырган. Укук коргоочулар жаңы мыйзамды “репрессивдик” деп сындап чыгууда.

Мамлекеттик Дума «жалган жалаа тагуу» деген беренени Кылмыш-жаза кодексине кайра киргизди.