Нью-Йорк-Мадрид багытындагы учак теракттан шекшип артка кайтты

Нью-Йорктун Кеннеди аба майданына Delta авиакомпаниясынын Мадридге бет алган учагы шашылыш түрдө келип конду. Буга учактын ажатканасында табылган шектүү өткөргүч-проводдор себеп богон. Ичинде 206 жүргүнчүсү бар учак абага көтөрүлгөндөн 1 жарым сааттан кийин кайра артка кайтууга мажбур болгон.

Текшерүүдө теракт коркунучу четке кагылды. Атайын кызматтын адамдары 2 жүргүнчүнү суракка алып койо бергени да кабарланды.