Жыл башынан бери кыргыз чек арасын бузган 99 адам кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлери кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Быйыл алты айда 1866 адам документтеринин айынан чек арадан өткөрүлгөн эмес. Өлкөдөн 180 чет өлкөлүк жаран депортацияланган. Негизинен кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-жол” өтмө бекети жана Ош, Бишкек аба майданы аркылуу келген жарандар депортацияланат. Чек араны бузгандар дээрлик көпчүлүк учурда кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек арасында катталат. (EBM)