Гуманоиддин жакшы сакталган, толук скелети табылды

Түштүк Африкадагы окумуштуулар гуманоиддин жакшы сакталган, толук скелетин табышканын жарыялашты. Австралопитекустун сөөктөрү Йоханнесбург шаарындагы музейде 3 жылдан бери сакталып жүргөн асканын фрагментинен табылган. Гуманоид мындан 2 миллиондой жыл илгери жашаган деп болжолдонууда.