Украинада дан азыктары былтыркыдан тең жарымга аз жыйналат

Украинада быйыл кургакчылыкка жана аба ырайынын катаал шартына байланыштуу дан азыктары былтыркыдан 50 процент аз алынышы мүмкүн. Дыйкандар ассоциациясынын төрагасы Алекксей Лисиц «Азаттык» радиосунун украин кызматына курган маегинде аба ырайынын катаал шартынан Украинанын түштүк аймактары көп жабыркаганын айтты.

Украинанын айыл чарба саясаты министри апрель-май айларындагы кургакчылыктан дан эгиндери оор зыян тартканын, бирок тартыштык өлкөнүн азык түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурбайт жана тамак-аштын баасы кескин өспөйт дейт. Министрликтин эсебинче, быйыл Украинада 12-14 миллион тонна дан жыйналат. Былтыр 22, 3 миллион тонна эгин жыйналган.