Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо тартиби өзгөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүп-толуктоо боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, талапкерлерди мындан ары саясий партиялар гана көрсөтө алат. Мурун мындай жобо Ош менен Бишкек шаардык кеңештерге гана тиешелүү болчу.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо 7 пайыздык чек киргизилет. Эгерде шайлоого катышкан бир дагы партия бул пайыздык чектен өтө албаса, эң көп добуш алган үч партия мандат бөлүшүүгө катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)