Губернатордун орун басары коррупциялык аракеттер үчүн шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын ноябрында бул жетекчи кызмат абалынан пайдаланып, керектүү документтерди бурмалап, ардагерлерге деп бөлүнгөн 70 миң сомдон ашык каражатты кымырып алган деп шектелүүдө.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. (BkA)