Кыз ала качууга каршы акция өтөт

13-июлда Бишкекте "Кыз ала качууну токтотобуз" деген маалыматтык акция өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" акциянын уюштуруучуларынын бири, Y-PEER коомдук бирикмесинин өнүктүрүү адиси Арман Алибаев билдирди.

Алибаевдин айтымында, акциянын максаты - жаштарга ала качуу кылмыш экенин эскертип, урмат-сыйга негизделген үй-бүлө курууга чакыруу.

Акциянын алкагында ала качууну ашкерелеген театралдашкан оюн коюлуп, иш-чарага катышкандар ала качуу жолу менен үй-бүлө курбоо убадасын беришет.

Кыргызстанда ала качуунун айынан адам өмүрүнө залал келген учурлар көп катталып жатат. Акыркы эле учурда Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон үч кыз өз жанын кыйганы белгилүү. Ала качуу үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору парламенттин талкуусунда турат. Ал биринчи окууда кабыл алынган. (BkA)