Ооганстанга үч жылда 16 млрд. доллар жардам берилет

Конференциянын делегаттары, 8-июль, 2012

Эл аралык донорлор Ооганстанга 2015-жылга чейин 16 млрд. доллар жардам берүүгө убада кылышты. Андан сырткары, алдыдагы беш жыл бою бөлүнө турган жардамдын көлөмүн акыркы 10 жылдагыдай деңгээлде же ошого жакын кармап турганга да сөз беришти.

Бүгүн Токиодо Ооганстандын донорлорунун конференциясы өтүп жатат. 70ке жакын мамлекеттин өкүлдөрү кантип 2014-жылы ооган жеринен чет өлкөлүк аскерлер чыгып кеткенден кийин мамлекетти туруктуу өнүктүрүүгө жардам берүү маселесин талкуулашууда.

Донорлор расмий Кабулдан бөлүнө турган акча туура сарпталарына кепилдик сурашкан. Президент Хамид Карзай болсо “коррупция менен күрөш анын администрациясынын негизги милдеттеринин бири болуп калаарына” ишендирди.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун “Ооганстанга жетиштүү каражат бөлүнбөсө, акыркы он жылда жетишилген ийгиликтердин көпчүлүгүнөн куру калышыбыз мүмкүн” деп эскертти.