Тажик диаспорасы Сабировдун кармалышы боюнча президентке ачык кат жолдойт

Тажик диаспорасы Сабировдун кармалышы боюнча президентке ачык кат жолдойт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун эжеси Барно Сабирова “Азаттыкка” кабарлады. Кыргызстандагы тажик диаспорасынын вице-президенти Кадыр Мурубатов азырынча кат даярдалып жатканын, анын мазмуну тууралуу айтуу эрте экенин билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Калмаматов Сабировдун кармалышынын мыйзамдуулугун “Ата Мекен” фракциясы жакын-арада карай тургандыгын билдирди.

5-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурганын кабарлаган.

Министрдин жардамчысы акчаны Равшанбек Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар пара алганын тергөөчүгө айткан. Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынган. УКМК ачылган кылмыш иш боюнча Равшанбек Сабировду да шектүү адам катары кечээ камакка алган. (КЕ/RK)