Иракта бомба чабуулунан 25 киши набыт болду

Ирактын түштүгүндөгү Дивания шаарынын базарында автомобилге коюлган бомба жарылып, кеминде 25 киши жайран болгону расмий маалымдалды. Буга байланыштуу шаарда жарым-жартылай чукул кырдаал абалы киргизилди жана шаардан чыкчу бардык жолдор жабылды. Бүгүн эле таң эртең Ирактын ортолугундагы Кербала шаарында жолго коюлган бомбадан төрт шиит зыяратчы өлгөн, дагы жыйырмадай адам жараат алган. Зыяратчылар Кербалага шииттердин 12-имамы Мехдинин туулган күнүн майрамдоого чогулушууда. “Ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмү акыркы кезде шииттерге жасалган бир нече кол салууну уюштурганын тастыктаган.