Жалал-Абад облусунда 11 мектептин курулушу токтоп турат

Жалал-Абад облусунда 11 мектептин курулушу токтоп турат. Бул тууралу “Азаттыкка” мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү облустук усулдук борбордун жетекчиси Акылбек Токтосунов 3-июлда билдирди. Курулуштун токтогонуна каржынын жоктугу себеп болууда. Бул мектептер мындан алты-он жыл мурда салына баштаган. 70-80 пайыз иштери бүткөн. Курулушту аяктоо быйылкы жылдын планына да кирген эмес. Токтосуновдун айтымында, мындан тышкары, облус боюнча азыр 28 мектеп кыйрап калчу абалда. (YA/RK)