Египетте армия бийликти президентке расмий өткөрдү

Мунун алдында ишембиде Египеттин демократиялык жол менен шайланган президенти Мухаммад Мурси Каирде Конституциялык соттун имаратында ант берген эле.

Анын артынан аскерий базада, бийликти өткөрүү жөрөлгөсү учурунда мурдагы президент Хосни Мубарак кулатылгандан бери өлкөнү башкарган Аскерий кеңештин төрагасы, маршал Хусеин Тантави Мурсини колдоону убада кылды.

Каир университетиндеги инагурациялык сөзүндө Мурси буларга токтолду:

-Египеттин улуу армиясы өлкөнүн коопсуздугун жана анын чек араларын коргоо боюнча өз милдеттерине кайтат. Кубаттуу жана бириккен аскер күчтөр өлкөнүн институттары менен Конституция жана мыйзам алкагында иштешет.

Мурси өз сөзүндө “шайланган парламент” деген терминди бир нече ирет кайталды.

Мурсинин исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылындагы өнөктөштөрү үстөмдүк кылган парламентти өткөн айдын башында Египеттин Жогорку сотунун чечиминен кийин Аскерий кеңеш тараткан.

Сот парламенттин үчтөн бири мыйзамсыз шайланган деп тапкан.

Египетте бийлик президентке өткөнү жарыялаганы менен президенттин жана Аскерий кеңештин ортосунда бийлик бөлүштүрүү боюнча макулдашуу кандай иштээри азырынча белгисиз.

Анткени Египеттин жаңы Конституциясы азырынча жазыла элек. Долбоорду даярдоого көзөмөл жүргүзүү укугун Аскерий кеңеш өзүнө алган.

Мурси - Египеттин монархия кулатылган соңку алтымыш жылдан берки бешинчи президенти жана араб дүйнөсүндө эркин шайлаган алгачкы исламчыл мамлекет башчы.