Жогорку Кеңеш КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын уюштуруу демилгесин көтөрүп, аны депутаттар колдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү сыйлыкты КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясына сунуштамакчы. Ал үчүн 29-июнда сунушту иштеп чыгышты.
Депутаттар мындай иш-чара улуу жазуучунун ысмын түбөлүккө сактап калуу максатында жасалып жатканын айтышты. (AKu)