Шинжаңда учакты ала качуу аракети жасалды

Кытай маалымат каражаттары кабарлашкандай, Шинжаң уйгур автономиялуу аймагында учакты ала качуу аракети көрүлүп, жүргүнчүлөр менен экипаж ага тоскоол болушту. "Синхуа" агенттиги 7 жүргүнчү жана экипаждын 3 мүчөсү учакты башка жерге бурдурууну талап кылган 6 киши менен кармашта жарадар болушканын билдирди.

"Тяншан" маалымат сайты жазганына караганда, Үрүмчүгө багыт алган учак Хотан шаарынан көтөрүлөрү менен аны ала качууга аракеттенишкен. Учак Хотанга кайтып келгенден кийин 6 шектүү киши кармалганын Шинжаң администрациянын сайты кабарлайт. Сөз болгон шаарда акыркы кезде бийлик менен көз карандысыздык үчүн күрөшүп келаткан жергиликтүү уйгурлар ортосунда кагылышуулар катталган. Бээжин алардын аракеттерин сепаратизм катары сыпаттайт.