Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароо сунушталды

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламенттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн төрт фракциядан 45 депутаттын колу топтолду. Азырынча бул маселени талкуулоо боюнча добуш берүү боло элек. (KKs)