УКМК: Түлеев дарыгерлердин көзөмөлүндө

УКМК тергөө абагында жаткан депутат Нариман Түлеевдин абалын дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ депутаттын абалын тергөө абагында атайын дарыгерлер текшерип, тиешелүү жардам көрсөттү. Буга чейин эки жолу операция болгону айтылган Түлеев кармалгандан бери ачкачылык жарыялап отурат.

Адвокат Султан Баратов депутаттын ден соолугу начарлаганын кечээ "Азаттыкка" билдирген.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталып, апта башында УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ал өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагууда. (KKs)