“Замандаш” партиясы Конституцияны өзгөртүүгө чакырууда

“Замандаш-Современник” партиясы бүгүн билдирүү таратып, Кыргызстанда Конституциялык реформа жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Партиянын борбордук аппаратынын жетекчиси Акылбек Сейитовдун “Азаттыкка” ырасташынча, партия Кыргызстанга парламенттик башкаруу формасы ылайыксыз, өлкөгө президенттик-парламенттик башкаруу гана жарашат деп эсептейт. Мындай пикир партиянын бир апта мурда өткөн республикалык форумунда да колдоо тапкан.

“Замандаш” партиясы лидери Муткар Өмүракуновдун өлүмүнөн кийин “Замандаш-Современник” болуп өзгөргөн. Партиянын тең төрагалары болуп Станислав Епифанцев, Таалай Сагынов жана Арстан Кулназаров тандалган.

Станислав Епифанцев орус тектүү ишкерлердин башын кошкон “Мекендештер гильдияларынын бирикмесинин” төрага орун басары болуп саналат. (KKs)