Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады. "Диний-экстремисттик багыттагы дисктерди тараткан" деген шек менен оперативдүү иликтөө учурунда мурда 3 жолу соттолгон, "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү тарапкери кармалды. "Ал азырынча так ушул уюмдун амиринин орун басары экени болжолдонууда" деди Сыдыков.
Кармалган кишинин үйүнөн 7 китепче, 18 баракча, 10 компакт-диск жана экстремисттик багыттагы файлдар толтурулган бир компьютер табылды.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (ErN).
Кармалган кишинин үйүнөн 7 китепче, 18 баракча, 10 компакт-диск жана экстремисттик багыттагы файлдар толтурулган бир компьютер табылды.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (ErN).