Пакистанда бомба жарылуусунан аз дегенде жети аскер набыт болду

Пакистандын бийликтери билдиргендей, кечээ жол боюнда катылган бомба жарылганда ооган чек арасында аз дегенде жети аскер набыт болду. Бомба өлкөнүн түндүк-батышындагы бийик тоолуу Бара аймагындагы базарда орун алды. Кветта шаарында ушул эле күнү сунни мусулман козголоңчулары деп шектелген куралчандар шийи мусулмандары бараткан автобуска кол салып, кеминде 10 кишинин каны төгүлдү.