Ош-Бишкек жолунда жер кыртышы чөктү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түштөн кийин Бишкек-Ош унаа жолунун 419-чакырымында жол катмары чөгүп кетти. Натыйжада узуну жана туурасы 2 метр, тереңдиги 10 метрлик чуңкур пайда болгон. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Азыр бул жерде жолдун тарабы ачык. Калыбына келтирүү иштери уланууда. (KKs)