Административдик жаза мөөнөтүн азайтуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов административдик жазанын мөөнөтүн 15 күндөн 5 күнгө чейин азайтууну сунуштоодо. Тиешелүү өзгөртүүлөр “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске киргизилип, бүгүн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өзгөрүүлөргө ылайык, административдик эрежелерди бузгандар 4 сааттан 40 саатка чейин кара жумушка тартылмакчы. Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам адамды 15 сутка убактылуу кармоого кеткен чыгымдарды азайтып, тескерисинче эреже бузгандарды коомдук жумуш менен жазалоону көздөйт. (KKs)