Ишембиде Женевада Сирия боюнча саммит өтөт

Бул кабарды Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан ырастады. Анын айтымында, бир топ мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жыйында Сириядагы согушту токтотуу боюнча Аннан өзү сунуш кылган алты пункттан турган планды аткаруунун жолдору талкууланат. Кабарларга караганда, жолугушууга Иран менен Сауд Арапстандын министрлери да чакырылган. Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктарын коргоо кеңеши Женевада билдиргендей, өткөн айдагы массалык кыргынга өкмөттүк аскерлердин да катыштыгы болгон. Сириянын Улуттар уюмундагы элчиси муну «саясий жыйналыш» деп атап, талкуудан чыгып кеткени айтылды.