Суданда каршылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышты

Судандын борбору Хартумда кечээ полиция кызматкерлери менен каршылык акциясына чыккандардын арасында кагылышуу чыкты. Чогулгандар өкмөттүн катуу үнөмдөө чарасына каршылыгын билдирип чыгышкан.

Алар тартип коргоочуларды таш менен ургулап, унаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүп, жолдорду тосушту.

Мындай окуя 16-июнда Судандын өкмөтү мамлекеттик чыгымды кыскарта турганын жарыялагандан кийин башталган болчу. Бул өлкөнүн экономикасы Түштүк Судан өткөн жылдын июль айында көз карандысыздык алгандан кийин өтө начар абалда. Түштүк Судан бөлүнүп кеткенден бери Хартум нефть булактарынын көпчүлүгүнө ээ болбой калган эле. (AKu)