Бишкек менен Санкт-Петербург илимий-маданий жактан кызматташат

Бишкек менен Санкт-Петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий тармактарда кызматташат. Бул боюнча эки тараптуу келишимге Санкт-Петербургда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлду. Атамбаев "биз мурдагы маданий, илимий байланыштарга муктажбыз" деген сөзүн айтты. Кыргыз президенти Орусияга орус башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн барган. (RK)