"Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаева Кыргызстандын Кадр кызматы өткөргөн чыгармачыл сынакты утту. Анын түз ободо уюштурган талкуусу сынакка катышкан радиоматериалдардын арасынан эң мыкты аталды. "Эффективдүү мамлекеттик кызмат - Кыргызстандын туруктуулугунун жана гүлдөп өнүгүүсүнүн кепилдиги" деген темада журналисттер арасында уюштурулган сынактын жыйынтыгы бүгүн чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. "Азаттыктын" жалпы жамааты Замира Кожобаеваны куттуктайт. (RK)