Багдаддагы жардыруулардан кеминде 8 киши мерт болду

Бүгүн Ирактын борборундагы базарлардын биринин жанындагы жолдо болгон бир нече жардыруудан дагы 50 киши жаракат алган. Муну ушул айда шийи зыяратчыларына жана диний жайларына каршы катарма-катар чабуулдардын эң акыркысы деп аташты. Ирактан америкалык аскерлер былтыр декабрда чыгып кетишкенден бери кайрадан козголоңчулардын чабуулу күчөп, негизги шийи, сунни жана күрт саясий топторунун ортосунда тирешүү күчөгөнү айтылууда.