Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо акциясы өтөт

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча атайын акция өткөрөт. Иш-чара 22-июнда Бишкектеги Ош, Дордой базарларында, "ЦУМ", "Народный", "7 дней" дүкөндөрүнүн жанында өтөт. Сатып алуучуларга алардын укуктары, сатуучулардын, товар өндүрүүчүлөрдүн милдеттери жазылган китепчелер таратылат. (RK)