Үч миллион кой-эчки бруцеллезго каршы эмделет

Айыл чарба жана мелиорация боюнча министрликтин билдиришинче, учурда майда жандыктын 30 пайызга жакыны эмделип бүттү. Дары-дармек жагынан Европа Биримдиги каралашууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, малдан бруцеллез оорусун жуктуруп алгандар былтыр ушул маалга салыштырмалуу быйыл 500 адамга аз катталды. (EBM)