Бишкекте жашылдандыруу иш-чарасы аяктап жатат

Азыр анын акыркы иштери жасалып жатат. Мындай маалыматты мамлекеттик жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси Закир Коомбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 1 гектар жерге көп гүл отургузулду. Борбордун тургундарына, мекемелерге акысыз ар кандай көчөттөр таратылган.

Борбор калааны жашылдандырууга быйыл 106 миллион сом бөлүнгөн. Азыр негизинен көчөлөргө көчөт тигүү жыйынтыкталууда. (AKu)